Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Футбол: оюн талаасына чуркап чыккан кишинин окуясы териштириле башталды


Оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман.
Оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман.

Футбол боюнча Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттеши учурунда оюн талаасына чуркап чыккан күйөрмандын окуясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков футбол учурунда чуркап чыккан адамдын тек-жайы аныкталганын кабарлады.

- Бул окуя Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Чуркап чыккан киши 30 жашта экен.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы 7:0 эсеби менен утту.

Оюн учурунда бир күйөрман оюн талаасына чуркап чыккан. Кыргызстандын Футбол федерациясы анын айынан ФИФА федерацияга чара көрөрүн билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG