Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Аба ырайы: 12-октябрга карата маалымат


Кегети.
Кегети.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 12-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында күн сууктап, жамгыр карга айланышы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт, калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10 суук, күндүз -2… сууктан +3 градуска чейин жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.

XS
SM
MD
LG