Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Айдоочуну сабады деп шек саналган адам аныкталды


Интернетте тараган видеодон сүрөт.
Интернетте тараган видеодон сүрөт.

Бишкекте маршруттук кичи автобустун айдоочусун сабады деп шектелген адам аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-октябрда күндүз жол кыймылы учурунда «Тойота» айдап бараткан адам машинесинен чыгып барып, кичи автобустун айдоочусун сабап, качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Токмоктолгон айдоочу ошол эле күнү милицияга арыз жазып, “Тойотанын” айдоочусу андан жол талашканын айтып берген.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Уруп сабоо” жана “Ээнбаштык” беренелеринин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кылмышка шектүү адам 24 жашта экени аныктылды, ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат.

11-октябрда социалдык түйүндөрдө тараган видеодон кичи автобустун ичинде отурган улуураак айдоочуну сырттан барган бир жаш жигит терезесинен кол салып, ур-токмокко алып жатканын көрүүгө болот. Бул видео интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG