Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

NYT: Трамптын жеке адвокатына каршы иликтөө башталды


Рудольф Жулиани.
Рудольф Жулиани.

АКШда президент Дональд Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианиге карата иликтөө башталды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Гезиттин маалыматына караганда, Жулиани лоббизм жөнүндөгү мыйзамды бузду деп шек саналууда.

Иликтөө анын жардамчылары – мурдагы советтик өлкөлөрдөн барып отурукташып калган бизнесмендер, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин бузууга айыпталган Лев Парнас менен Игорь Фруманга каршы ачылган ишке байланыштуу.

Федералдык прокурорлор Жулианинин АКШнын Украинадагы элчиси Мэри Йовановичтин иштен кетишине тиешеси бар же жоктугун да изилдеп жатышат. Алардын пикиринде, Трамптын адвокаты элчи айымдын таасирин азайтууга аракет кылган. Бирок Жулиани мындай айыптоону четке кагууда.

Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү АКШда импичмент маселесин козгоду. Трамп Зеленскийди башкы саясий атаандашы Жо Байдендин Украинадагы иштерине байланыштуу иликтөө жүргүзүү тууралуу ынандырууга аракет кылганы белгилүү болгон. Трамп муну «президентке ыдык көрсөтүү» деп баалаган.

Associated Press агенттиги билдиргендей, Йованович Жулианинин өтүнүчүн аткарбай, украин бийлигине басым жасабай койгону үчүн алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG