Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Пентагон коргонуу үчүн Түркияга жооп кайтаруу укугуна ээ экенин эскертти


Түркия-Сирия чек арасы.
Түркия-Сирия чек арасы.

Сириянын түндүгүндө АКШ аскерлери жайгашкан аймак Түркиянын артиллериялык аткылоосуна кабылды. Бул маалыматты Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги тастыктап, жабыркагандар жок экенин билдирди.

Бирок Пентагондун бул тууралуу билдирүүсүндө окуя америкалык аскерлердин түрк армиясынын чабуулуна кабылуу коркунучунун далили экени айтылат.

Пентагондун өкүлү түрк тарапта Кобани шаарына жакын жерде америкалыктардын көзөмөл бекети жайгашканы тууралуу маалымат болгонун, ошого карабастан аткылоого алганын айтты.

Ошону менен катар ал америкалык тарап коргонуу үчүн жооп кайтаруу укугуна ээ экенин эскертти.

Ал эми Түркиянын Башкы штабы америкалык бекет тараптан аткылоо болгонун билдирди.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү бутага алган «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда баштаган.

Түркия күрд күчтөрүн террорчулар деп атайт, ал эми АКШ аларды “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө чоң жардам берген өнөктөштөр деп эсептейт. (RK).

XS
SM
MD
LG