Кыргызстанда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон электрондук формада өткөрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштады.
Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, долбоор алкагында Юстиция министрлигинде бүгүнкү күнгө карата жоопкерчилиги чектелген эки коом онлайн режимде каттоодон өттү.
Кийинки этапта ушундай эле ыкма менен юридикалык жактарды, филиалдарды онлайн каттоо, кайра каттоо, иши токтотулганын каттоо жүргүзүлө баштайт. Бардык маалымат базасы мекеме аралык «Түндүк» электрондук системасына кошулду.
2019-жыл өлкөдө Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган. (RK)