Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Польшада парламенттик шайлоо жүрүп жатат


Ярослав Качинский.
Ярослав Качинский.

Бүгүн Польшада парламенттик шайлоо өтүп жатат. Талапкерлер парламенттин төмөнкү палатасы Сеймдеги 460 жана жогорку палата Сенаттагы 100 орун үчүн ат салышууда.

Төмөнкү палата Сеймге шайлоо партиялык тизменин негизинде жүрөт. Бүгүнкү өнөктүккө өлкөдөгү ири беш партия катышууда.

Баштапкы сурамжылоого караганда, бийликтеги «Укук жана акыйкаттык» партиясы менен анын союздаштары көпчүлүк добушка ээ болушу ыктымал.

Ярослав Качинский жетектеген бул партияны колдогондор экономика тармагында жакшы жылыштар бар экенин, айлык маяна жана социалдык төлөмдөр көбөйгөнүн жүйө келтирүүдө. Партия өзү католик чиркөөсүнүн баалуулуктарын жактаган, «ЛГБТ идеологиясын» жериген уюм катары белгилүү.

Ал эми анын аттандаштары Польша Европа Биримдигинин сынына кабылып жүргөнүн, жарандык эркиндиктер чектелип, азчылык укуктары корголбой жатканын айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG