Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:33

Чуулгандуу уурулук боюнча шектүү жигиттин энеси президентке кайрылды

Жыпаркүл Иманкалиева аттуу жаран уурулукка шектүү катары кармалган баласы Медет Бейшеков бир жарым айдан бери күнөөсүз камакта отурганын айтып, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Анын видео кайрылуусун «Kaktus.media» агентиги «YouTube» каналына жарыялады.

«Мойнуна илип атышат. Ал күнү балам Бостери айылында досунун тоюнда отурганы, орозонун биринчи күнү болуп, кызым экөө ооз бекиткени боюнча далилдер бар. Видео, фото, күбөлөр боюнча далилдер бар. Ошондой болсо да баламды Бишкектеги №1 тергөө изоляторунда кармап турушат. Урматтуу президент, жардам берүүңүздү суранам. Ал менин жалгыз балам», деп кайрылган Жыпаркүл Иманкалиева аттуу жаран.

Анын айтымында, баласы милиция кызматкерлеринин кысымына кабылган. Бирок бул боюнча Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

2-сентябрь күнү шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирди деп шек саналган жаран кармалганын билдирген. Анда милиция Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалып, анын автоунаасынын ичинен далил буюмдар табылганын кабарлаган. 

Буга чейин белгилүү ырчы Мирбек Атабеков анын апасы үйүндө каракталганын тастыктаган. Шектүү адам кармалгандан кийин ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн «Инстаграммдагы» жеке баракчасы аркылуу укук коргоо органдары менен соттордон бул фактыны акыйкат иликтеп, аягына чыгарууну өтүнгөн.

Милициянын маалыматына караганда, 6-май күнү карактоо болгону тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан, куралданган кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кеткени айтылат.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене («Карактоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

XS
SM
MD
LG