Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Инспекторлор жол эрежесин бузган айдоочуга ок атышты


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда жол эрежесин бузуп, инспекторлордун мыйзамдуу буйругуна баш ийбеген айдоочуга курал колдонулду. Далысынын жогорку бөлүгүнөн жаракат алган айдоочу Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда «Дэу Нексия» патрулдук автоунаасы менен нөөмөттө турган учурда болгон.

Маалыматта инспекторлор кечки саат 18:15 чамаларында 6701 1а/HU транзит номурлуу «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу телефон менен сүйлөшүп бара жатканын байкап, токтотууга буйрук бергени айтылат. Бирок айдоочу буйрукка баш ийбей инспекторлорду сүзүп кетүүгө аракет кылып, каршы тилке менен катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын артынан жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык автоунаасы менен кубалап, үн күчөтүүчү атайын жабдык менен качып бараткан машинени токтотууну талап кылышкан.

Акырында асманга эскертүү огун атып, кийин арткы эки дөңгөлөккө атышкан. Милициянын маалыматында, «Лексус GX-470» токтотулгандан кийин айдоочусу инспекторлордун буйругуна баш ийбей, милициянын куралын тартып алууга аракет кылгандан кийин дагы ок атылганы айтылат.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Айдоочу 28 жаштагы М.У.Х. аттуу жаран болгон.

Пикирлерди көрүңүз (32)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG