Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Ак-Талаанын акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ак-Талаа районунун акими болуп Сейтек Кулубаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Бүгүн облус башчысы Эмилбек Алымкулов Кулубаевди райондун активи менен тааныштырды.

48 жаштагы Кулубаев буга чейин 2010-2013-жылдары Ак-Талаа районунун акими болуп эмгектенген. Бирок ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин «мамлекеттик кызматкерлер милдетин так аткарбай жатат» деген жүйө менен чыгарылган буйругунун негизинде кызматтан кеткен.

Ак-Талаа районунун мурдагы акими Нурбек Молдакадыров буга чейин Нарын шаарынын мэрлигине шайланган эле. (MiK/BkA)

XS
SM
MD
LG