Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Жапония: тайфунга кабылган аймактарда издөө иштери уланууда


«Хагибис» тайфуну соңку ондогон жылдардан берки ири табигый кырсык болуп калды.
«Хагибис» тайфуну соңку ондогон жылдардан берки ири табигый кырсык болуп калды.

Жапониянын «Хагибис» тайфуну каптаган аймактарда жалпысынан 110 миңдей куткаруучу, алардын ичинде 30 миңден ашуун аскер кызматкери түнү бою урандылардын алдында калган тургундарды издөө менен алек болушту. Кырсыктан каза тапкандардын саны 35ке жеткенин «Kyodo» жаңылыктар агенттиги кабарлады. Дагы бир нече адамдын дайыны чыкпай жатат.

Ылдамдыгы саатына 225 чакырымды түзгөн шамал менен коштолгон тайфун ишемби күнү Жапониянын борбордук жана түндүк аймактарындагы сегиз префектурага чоң бүлгүн алып келди.

Баш калаа Токионун түштүгүндө жер көчтү. Көпчүлүк аймактарда жамгыр нөшөрлөп жаап, дарыялар нугунан ашып чыкты.

Жапониядагы ондогон жылдардан бери каттала элек болгон эң кубаттуу тайфундан улам, жапон шаарларында өтүп жаткан Дүйнөлүк рэгби чемпионатынын айрым оюндары үзгүлтүккө учурады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG