«San Jay» деген сахна аты менен таанымал, өзбекстандык ырчы жана композитор Санжар Жавбердиев президент Шавкат Мирзиёевге кайрылды. Ал «YouTube» порталына жарыялаган видео кайрылуусунда сакалынан улам ага концерт берүүгө жана телеканалдарга чыгып ырдоого мүмкүнчүлүк берилбей жатканына даттанды.
41 жаштагы ырчы «Өзбекконцерттен» лицензия алганына карабастан, сакал коюп жүргөнү үчүн эле укугу чектелип жатканын белгиледи.
Ырчынын билдирүүсүнө президент Мирзиёевдин басма сөз кызматы же «Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси жооп кайтара элек.
"San Jay" видео кайрылуусунда сакалын кырдырбай турганын кошумчалады.
Узак жылдар бою Орусияда жашап, үч жыл мурда Өзбекстанга кайтып келген ырчы былтыр сакалынан улам кыйынчылык менен лицензия алганын айтып чыккан эле.
Ал арада «Өзбекконцерт» «улуттук үрп-адаттарга туура келбеген жүрүм-туруму үчүн» деген негиз менен ырчы Жахангир Отажановдун лиценциясын жокко чыгарганы белгилүү болду.