Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Экономика боюнча Нобел сыйлыгын алгандар аныкталды


Сыйлык окумуштууларга жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн ыйгарылды.
Сыйлык окумуштууларга жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн ыйгарылды.

14-октябрда Альфред Нобел атындагы экономика тармагындагы сыйлык дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөшкө салым кошкону үчүн америкалык окумуштуулар Абхиджит Банержиге, Майкл Кремерге жана Франция менен АКШнын жарандыгын алып жүргөн экономист Эстер Дюфлого ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшырган Швециянын Падышалык академиясы билдиргендей, үч окумуштуу жүргүзгөн сыноолор дүйнөдөгү жакырчылыкка каршы күрөштүн эң мыкты жолдорун аныктоого жардам берген.

- Дүйнөлүк жакырчылыктын деңгээлин азайтуу - фундаменталдуу жана чечилиши өтө кыйын көйгөй. Сыйлыктын быйылкы лауреаттары бул чоң көйгөйдү майда маселелерге бөлүп чыгыш керек экенин көрсөтө алышты, - деп билдирди Нобелдин экономика боюнча комитетинин мүчөсү Питер Фредриксон.

Экономика тармагындагы бул сыйлык 1969-жылдан бери тапшырылып келет. Швед ишкери жана окумуштуусу Альфред Нобелдин элесине арналган бул сыйлыкты Швециянын банкы негиздеген.

XS
SM
MD
LG