Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Тажикстанда окуучу кызды өпкөн мугалим 17,5 жылга соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиев 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп таап, аны 17,5 жылга эркинен ажыратты. Анын туугандары бул айып негизсиз экенин, шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун чын пейилинен кубанып өөп гана койгону үчүн жазага тартылып жатканын айтып чыгышты. Мугалимдин балдарынын айтымында, атасы ур-токмоктон улам тергөөдө күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон.

Секелек кыз жеңүүчү болгон шахмат боюнча мелдеш ушул жылдын апрель айында болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматы жабырлануучу тарап менен байланышып, алардан комментарий ала алган жок. Тергөө жана сот органдары дагы жашы жете элек кыздан улам окуянын чоо-жайы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып жатышат.

XS
SM
MD
LG