Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Жээнбеков: кыргыз-казак мамилесин бекемдөөдө Назарбаевдин салымы чоң


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Азербайжандын Баку шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алмашып, Сооронбай Жээнбеков эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, кошуналык мамилелерди орнотууда жана бекемдөөдө Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи.

Ал эми Назарбаев кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин белгилеп, эки мамлекет башчыларынын кызматташтык мамилелерин колдой турганын айтты.

Нурсултан Назарбаев Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланып, Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарына учуп кеткен. 15-октябрда Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. Бул жолку саммитте Өзбекстан уюмдун мүчөсү болуп кабыл алынат. (TSh)

XS
SM
MD
LG