14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери каралып, Алиев эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы шарт түзүлүп жатканын белгиледи.
- Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем, - деп айтты Илхам Алиев. Ал Сооронбай Жээнбековдун Азербайжандагы иш сапары жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна ишенерин белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков Азербайжан Кыргызстан үчүн боордош жана дос өлкө экенин айтып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берилерин айтты. Жээнбеков Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Алиев 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий сапар менен келүүнү пландап жатканын айтып өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарына учуп кеткен. 15-октябрда Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн. Бул жолку саммитте Өзбекстан уюмдун мүчөсү болуп кабыл алынат. (TSh)