Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында Атамбаевден «Медиа Форум» ишканасын сатып алганы кеп болгон Субихи Пархати кармалды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-октябрда ага карата эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасын аныктаганын аталган соттун расмий өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.
- Соттун токтому менен эч жакка кетпөө бөгөт чарасы тандалды. Ага карата ушундай бөгөт чарасын тандоону тергөө сунуштаган.
Маалыматка караганда, Субихи Пархатини Аскер прокуратурасы кармаган. Бул боюнча Башкы прокуратура азырынча комментарий бере элек.
Субихи Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий-өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчү болгон.
Бирок 2018-жылдын 18-апрелинде «Форум» кайра каттоодон өтүп, жападан-жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калган. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну караган депутаттык комиссия Пархати «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирген.
Субихи Пархатинин аты сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да ачылган кылмыш ишинде аталган. Башкы прокуратуранын август айында берген маалыматы боюнча, 2015-жылы «Хуасинь» компаниясына лицензия берүүдө коррупциялык иштер орун алган. Бул инвестициялык компанияга кыргызстандык Субихи Пархати жана кытайлык Чжай Хунвей ээлик кылат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июньда Субихи Пархати 28 жашта экенин, Кара-Балта шаарында туулуп, Үрүмчүдө таятасынын колунда чоңойгонун, улуту казак, жарандыгы кыргыз экенин билдирген. (BTo)