14-октябрь күнү Украинанын коргоочуларынын күнү майрамдалып жатканда ондогон демонстранттар Тышкы иштер министрлигине келип, Марковду бошотууну талап кылышты. Аларга жакында эле орустардын туткунунан бошоп келген кинорежиссер Олег Сенцов да кошулду. Демонстранттар андан ары Италиянын элчилигине барып, Марковду бошотуу жөнүндө талап жазылган катты тапшырышты.
Украина менен Италиянын жараны, Улуттук гвардиянын мурунку мүчөсү Виталий Марков италиялык журналистти жана анын котормочусун өлтүргөн деген айып менен Италиянын соту тарабынан 24 жылга камалган.
2014-жылдын 24-майында Донецк облусундагы миномёттон аткылоодон италиялык фотокабарчы Андреа Рокелли жана анын котормочусу, укук коргоочу Андрей Миронов каза таап, франциялык фотожурналист Вильям Рогульон жаракат алган. Бул үчүн шек саналган Виталий Марков кийинчерээк Италияга энесин көргөнү барган учурда кармалган.