Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:01

Жаңылыктар

Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты (видео)

Алмазбек Атамбаев жана Аида Салянова.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда журналисттерге Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сотко кирип баратып айтты:

- Мен каршы көрсөтмө бердим (ред: Алмазбек Атамбаевге) деп эсептейм. Жалпылап айта турган болсом, ал киши (ред: Алмазбек Атамбаевге) көрсөтмө бергенин (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим (ред: тергөөгө).

Салянова Азиз Батукаевдин иши боюнча бир катар адамга, анын ичинде өзүнө да айып коюлганын, анын тергөөдөгү макамы өзгөрүлбөгөнүн жана иши сотко өтө элек экенин кошумчалады.

- Мен башында айткан боюнча эле эч бир сөздөн кайткан жокмун. Мен «Батукаевдин бошотулушуна эч кандай тиешем жок, ал кеткенге чейин маалымат болгон эмес» деп айткам. Башка маселе - Атамбаев өзү көрсөтмө (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) бергенин айткан. Бирок «мыйзамсыз кылып жатам» деп эч ким айткан эмес. Ал «мыйзамдуу болуп жатат» деп ынандырууга аракет кылган.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтүп жатат.

Мындай чечимди райондук сот Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде кабыл алды.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. (BTo)

Жаңылыктардын толук тизмеси

БУУнун өкүлү Тегеранды элге ок атпоого чакырды

Руперт Колвилл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын өкүлү Руперт Колвилл Иран бийлигине кайрылып, каршылык акциясына чыккандарды кууп таратууда ок атпоого, ашкере күч колдонууну токтотууга чакырды. Анын билдирүүсүндө "Биз ок атуучу куралдын айынан өлкө боюнча бир топ адамдын өлгөнүнө өтө кабатырланып турабыз" деп айтылат.

Аталган уюмдун эсеби боюнча, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин өлкөнүн сегиз аймагында каршылык акцияларында ажал тапкандардын саны миңге чамалады. Бирок муну расмий бийлик бышыктай элек.

Иранда калайман нааразылык акциялары бийлик мунайдын баасын жогорулатып, күйүүчү майды сатууга чектөө киргизгенден кийин башталган. Өлкөнүн руханий көсөмү аятолла Али Хаменейи баалардын көтөрүлүшүн кубаттап, демонстранттарды «баш кесерлер» деп айыптады.

Жергиликтүү басылмалар нааразылык акцияларына байланыштуу Тегеран, Исфахан жана Шираз шаарларында кеминде беш университетте, дагы бир катар шаар-аймактарда айрым мектептер убактылуу жабылганын жазышкан. Коопсуздук чараларынан улам Исфахан шаарындагы метро да иштебей калганы белгилүү болгон.

Прокуратура: «Антошка» ашканасына газ мыйзамсыз коюлган

«Антошка» ашканасы.

Башкы прокуратура Бишкектин чок ортосундагы «Антошка» ашканасындагы жарылуу боюнча маалымат таратты. Ага караганда, ашканада газ жабдуулары коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонулуп келген. Ошондой эле тез татым жайларында газ баллондорун колдонууга жол берилбей турганы белгиленген.

Бишкек прокуратурасы жарылууга байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерине карата ишти Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

8-ноябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, бир адам ошол жерде мерт болгон. 14 киши ар кандай деңгээлде жараат алган. Ушул эле күнү Бишкек милициясы Жазык кодексинин 261-беренесинин негизинде («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») материалдарды бирдиктүү реестрге каттаган.

Мындан сырткары текшерүүдө Мамэкотехинспекциянын Бишкектеги башкармалыгы өз убагында аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунун алдын албаганы белгилүү болгон. Ошондой эле «Антошка» муниципалдык аймактагы ижарага алынган жерде жайгашканы жана 2015-жылы мэрия өз алдынча аймакты чоңойтуп алуу фактысын каттоого алып, чара көрбөгөнү аныкталган.

Текшерүүнүн материалдары бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүш үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү. (КЕ)

Өкмөт: үч эм же андан көп бала төрөлсө ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон (жөнөкөй шартта 4000 сомдон бериле турган сүйүнчү пулдун ордуна) “балага сүйүнчү” жөлөк пулун төлөп берет. Мындай жардам ата-энеге бир гана жолу берилет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Мындай жардам үй-бүлөгө социалдык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин буга чейин билдиргени боюнча, жети айда 88 322 балага сүйүнчү пул берилди. Сүйүнчү пул берилген балдар өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көп. Былтыр ушул убакытта 38 916 балага жалпы суммасы 158 685 000 өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилген болсо, быйыл мамлекеттик бюджеттен 353 288 000 сом акча сарпталган. Сүйүнчү акча ар бир төрөлгөн бала үчүн 4000 сом деп белгиленген. Акчаны үй-бүлөлүк шарты кандай экендигине карабай, бардык жарандар алышат.

Сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган. (КЕ)

Грузин парламентинин алдындагы акцияда 37 киши кармалды

Демонстранттарга «Күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү», «Бейбаштык» беренелери менен айып коюлду.

Тбилисиде парламенттин алдына нааразылык акциясына чыккандар кууп таратылганда 37 адам камалды. Алардын адвокаты Георги Ониани демонстранттарга «Күч кызматкерлерине каршылык көрсөтүү», «Бейбаштык» беренелери менен айып коюлганын, 19-ноябрда сотто бөгөт чаралары караларын маалымдады.

18-ноябрда каршылык акциясына чыккандар парламенттин кире бериш жерлерин тороп алып, мыйзам чыгаруу бийлигинин ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Полиция аларга суу бүркүп, кууп тараткан. Бирок демонстранттар кайра эле имараттын алдындагы аянтты ээлеп, чатыр тигип алышкан.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жаракат алган болчу.

"Талибан" туткун алмашуунун алкагында америкалык профессорлорду бошотту

Кабулда "Талибандын" өкүлдөрүн бошотууга каршы нааразылык акциялары да болуп өттү.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы үч жылдан бери барымтада кармап турган эки америкалык профессорду туткундан бошотту. Аларды Забул провинциясынын Навбахар районунан АКШнын тик учагы алып кеткени белгилүү болду.

Мунун алдында ооган бийлиги "Талибандын" камактагы бараандуу үч өкүлүн бошотуп, Катарга жеткирип бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туткундарды алмашуу үчүн зарыл болгон кадамдарга барууга чакырган.

Ашраф Гани өткөн аптада «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини, Хафиз Рашид Омарини жана Ажы Милли Ханды бошотууга убада берген.

«Талибан» болсо мындан үч жыл мурда уурдап кеткен Кабулдагы Америка университетинин эки профессорун - 68 жаштагы америкалык Кевин Кинг менен 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викскти өткөрүп берүү шартына көнгөн.

Буга байланыштуу Кабулда нааразылык акциялары да өткөн.

Ушул ишембиде ооган бийлиги «Талибанды» туткундарды алмашуу жараянын үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптаган. Анда «талибдер шартты аткарбагандыктан туткундарды алмашуу жараяны ишке ашпай калды, эми ооган өкмөтү мындан аркы чечимди өлкө кызыкчылыгына жана жагдайга жараша кабыл алат» деп айтылган.

Аталган топ болсо Кабулдун өзүн «сөзүнө турган жок» деп күнөөлөгөн.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен Кабулдун ортосунда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал экендиги айтылып жаткан. Бул согушкер топ ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп атап, ушул кезге чейин аны менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Иордан дарыясынын Батыш жээгине жөөт айылдарын куруу маселесинде АКШнын пикири өзгөрдү

Майк Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарынын 1978-жылкы корутундусунан, тактап айтканда "Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги басып алынган аймактарга айыл-кыштактарды куруусу эл аралык укукка ылайык келбейт” деген чечимден баш тартат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда билдирди:

"АКШнын Батыш жээк боюнча коомдук билдирүүлөрү ондогон жылдар бою ырааттуу болбой келди. Тараптардын укуктук талаш-тартыштарын изилдеп чыккандан кийин администрация мурдагы президент Рональд Рейган менен макул экенин билдирет. Батыш жээкке израилдин жарандык айылдарын куруу эч кандай эл аралык укукка каршы келбейт".

Израил бийликтери Вашингтондун бул чечимин кубаттады, ал эми Палестина, Европа Биримдиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн лидерлери мындай чечим кеңири тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгүнө сокку ура турганын эскертүүдө.

Буга чейин Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, америкалык элчиликти ушул шаарга көчүргөн жана Вашингтондогу палестин дипломатиялык кеңсесин жапкан.

Ташкенттин мэри менен араздашкан журналисттер иштен кетишти

Мэр менен араздашкан журналисттер.

Ташкенттеги "Kun.uz" маалымат агенттигинин кабарчылары Зафарбек Солижонов менен Баходир Ахмедов шаар мэри Жахонгир Артыкхожаев менен араздашкандан кийин өз эрки менен иштен кетишти. Алар 19-ноябрда социалдык тармактардагы баракчаларына "Бүгүн биз утулган жокпуз. Эми эле ойгонуп келе жаткан сөз эркиндиги, жалпы басма сөз утулду. Жахонгир аке, мен иттин баласы эмесмин, мен акыркы айбан эмесмин" деп жазышты.

Мунун алдында Кun.uz кабарчылары менен мэрдин ортосундагы жаңжал жөнгө салынганын жазган. Азыр болсо бул сайт журналисттердин иштен кетиши, алардын билдирүүлөрү тууралуу үн ката элек.

16-ноябрда социалдык тармактарда Ташкент шаарынын мэринин үнүнө окшош адамдын сүйлөгөнү жазылган аудиотасма тараган. Тасмадан ал адамдын журналисттерди кемсинтип-келекелеп жатканын, "тынчытып коёрун, кумса деп каралап, коомчулукка жарыялап саларын" айтып коркутуп жатканын угууга болот.

Башкы прокуратура бул аудиотасмага байланыштуу иликтөө башталганын билдирген.

Өзбекстандын президентине караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттиги дагы бул жаңжал тууралуу учкай комментарий берип, шаар мэри менен журналисттердин араздашуусунун коомчулукта кеңири талкууланып жатканын айткан. Андан тышкары көзөмөлдөөчү орган иликтей баштаганын, өлкөдөгү коомдук көзөмөл менен демократия күчөгөнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттары акырындап "төртүнчү бийликке" айланып баратканын белгилеген.

Милиция Бишкектеги калайман мушташты териштирүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда он чакты киши мушташып жаткан видео тарады. Анда ур-токмокко кабылган эки киши жыгылып, жатып калганын көрүүгө болот. Мушташ Бишкектин Чыгыш-5 кичирайонунда, 18-ноябрда болгону жазылган.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Буга чейин ушундай мушташта адамдар оор жараат алып же ажалы жеткен учурлар катталган. Ушул жылдын сентябрь айында Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташ чыгып, үчөө ооруканага түшкөн. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болгон. Сентябрдын башында Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда болгон окуянын видеосу Интернетке тарап, мушташтан эки киши катуу жабыркаганы белгилүү болгон. Эки киши кылмышка шектүү катары кармалган. (КЕ)

Ооган бийлиги менен «Талибан» туткун алмашканы жатат

Ашраф Гани өткөн аптада «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган

«Талибан» кыймылындагы маалымат булактары ооган бийлиги бул топтун камактагы бараандуу үч өкүлүн бошотуп, Катарга жеткирип бергенин маалымдашты. Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ооган президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туткундарды алмашууга керектүү кадамдарга барууга чакырганы кабарланган.

Ашраф Гани өткөн аптада «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини, Хафиз Рашид Омарини жана Ажы Милли Ханды бошотууга убада берген. «Талибан» болсо мындан үч жыл мурда уурдап кеткен Кабулдагы Америка университетинин эки профессорун - 68 жаштагы америкалык Кевин Кинг менен 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викскти өткөрүп берүүгө көнгөн.

Ушул ишембиде ооган бийлиги «Талибанды» туткундарды алмашуу жараянын үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптаган. Анда «талибдер шартты аткарбагандыктан туткундарды алмашуу жараяны ишке ашпай калган, эми ооган өкмөтү мындан аркы чечимди өлкө кызыкчылыгына жана жагдайга жараша кабыл алат» деп айтылган. Аталган топ болсо Кабулдун өзүн «сөзүнө турган жок» деп күнөөлөгөн.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен Кабулдун тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал экендиги айтылып жаткан. Бул согушкер топ ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп атап, ушул кезге чейин аны менен бетме-бет сүйлөшүүдөн баш тартып келет.

Москва: сот тыңчылык үчүн айыпталган Уиландын абак мөөнөтүн узартты

Пол Улиан былтыр жыл этегинде камалган.

Бүгүн Орусиянын Москва шаардык соту камактагы америкалык жаран Пол Уиландын бөгөт чарасын карап, эмки айдын аягына чейин абакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарды. Судья муну менен анын адвокаттарынын Уиланды үй камагына чыгарып же күрөөгө бошотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Пол Уиланга тыңчылык боюнча айып коюлуп, тергөө материалдары купуя сыр деп аныкталгандыктан сот жараяны жабык өттү. АКШнын жараны ага тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты. Тыныгуу маалында видео байланыштын үнүн өчүрүп коюшкандыктан ал журналисттер менен сүйлөшө алган жок.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон, мурдагы деңиз аскери Пол Улиан былтыр 28-декабрда кармалган. Ага америкалык атайын кызматтардын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

Уилан күнөөсүн мойнуна алган эмес жана «саясаттын курмандыгы болуп калганын» айткан. Ал камакка алынган маалда АКШдагы ишкананын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеп жүргөн.

Наваз Шарифти саламаттыгы боюнча Лондонго алып кетишти

Наваз Шариф.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифти дарылаш үчүн 19-ноябрда Лахордон Лондонго атайын учак менен алып кетишти. Анын жанында бир тууган иниси, «Пакистан мусулмандар лигасы» оппозициялык партиясынын лидери Шехбаз Шариф коштоп жүрөт. Мунун алдында Жогорку сот Наваз Шарифтин саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө чыгышына уруксат берген.

Өткөн айда сот абакта анын саламаттыгы кескин начарлап кеткени үчүн күрөөгө бошоткон жана анда экс-премьердин абалы өтө начар экени, ал тургай өлүм алдында жатканы айтылган.

Пакистандын Антикоррупциялык соту былтыр жыл этегинде Наваз Шарифти жети жылга түрмөгө кескен. Ага «киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылган» жана «арам акчаны адалдаган» деген айып коюлган. Судья Шарифке ошондой эле 2,5 миллион доллар өлчөмүндөгү айып пул салган.

Андан жарым жылдай мурун Наваз Шариф Лондондон кымбат баалуу батир сатып алганына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында он жылга түрмөгө кесилип, 8 миллион доллар айыпка жыгылган.

Бул иш боюнча анын кызы Мариам жети жылга, күйөө баласы Мухаммад Сафдар бир жылга соттолгон. Бирок алар өкүмдү апелляцияга берип, сентябрда күрөөгө бошотулушкан.

70 жашка таяп калган Наваз Шариф үч жолу Пакистандын өкмөт башчысы болгон. Ал өзүнө жана балдарына коюлган айыптардын баарын четке кагып, саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Ушушл айдын башында сот Наваз Шарифтин кызы, оппозициялык «Пакистан мусулман лигасы» партиясынын лидерлеринин бири Мариям Навазды да күрөөгө бошоткон. Ал ушул жылдын август айында камалган. Пакистандын Антикоррупциялык соту Мариям Навазга ал акционер болгон кант заводунун ишине байланыштуу айып койгон.

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Бийлик тоолуу райондордо -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте 20-ноябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз температурасы 5…7° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши ыктымал.

ЖАМК: Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадицияланды

Дамирбек Асылбек уулу.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга эстрадицияланды. Ал учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз борбору кабарлады. Маалыматка караганда, экс-депутат 18-ноябрда Кыргызстанга алынып келген.

«Азыркы убакта Казакстандын өкүмүн Кыргызстандын өкүмүнө шайкеш келтириш үчүн тиешелүү документтер (переквалификация) Жогорку сотко жөнөтүлдү. Ошонун негизинде жаза мөөнөтү аныкталат», деп билдирет ЖАМКтын басма сөз кызматы.

Айрым маалымат каражаттары Асылбек уулу менен кошо дагы эки кыргызстандык экстрадицияланганын жазышты. ЖАМК бул маалыматты ырастаган жок.

Экс-депутатка «чек арадагы аткезчилик менен алектенген» жана «эл аралык уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон» деген айып коюлган. Дамирбек Асылбек уулу күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бул кылмыш ишинин негизинде жалпысынан 12 киши соттолгон.

Казакстандын Алматы шаарынын апелляциялык соту 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын карап, канааттандырган эмес. Ал эми аны менен кошо соттолгон Уланбек Мурадиловдун 10 жылдык жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. Дамирбек Асылбек уулун соттун төмөнкү инстанциясы 10 жылга эркинен ажыраткан.

Былтыр февралда Казакстандын күч түзүмдөрү атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров кармалган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан.

37 жаштагы депутат «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган болчу. (КЕ)

Базар-Коргондо 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

Базар-Коргондогу жаңы мектеп.

Райондун тоолуу Кызыл-Үңкүр айылында курулушу мындан төрт жыл мурда башталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Алтын-Кыя мектебинин ачылышына Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова жана жергиликтүү тургундар катышты. Быйыл жыл башынан бери тогуз мектеп жана 81 бала бакча жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилген.

- Биз жыл сайын эски мектептерди оңдоп, жаңысын салганга аракет кылып жатабыз. 2010-жылдын бюджети азыр каралып атат, ошого эң жараксыз 19 делген мектепти киргизип, кийинки жаңы окуу жылына пайдаланууга беришибиз керек. Мындан сырткары жараксыз деп корутунду чыгарылган 200дөй мектеп боюнча да иштеп жатабыз, – деди Өмүрбекова.

2015-жылы башталган мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 37 млн сом берилген. Буга чейин балдар кошуна айылдагы мектепке каттап билим алышчу. Мында азыр 9-класска чейин окуй турган 360 бала кабыл алынды. (RsK)

Economist.kg: депутат Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

Кубанычбек Жумалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын аймагында катталган 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес. ​Economist.kg басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып көргөн. Ачык булактарда Жумалиев айрым фирмалардын жетекчиси экени көрсөтүлгөн. Муну менен ал депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө («Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө») негизги мыйзамды бузганы белгиленет. Мыйзам боюнча ЖК депутаты болуп турган адам ишкерлик менен алектенип, жетектөөчү органдарда же коммерциялык уюмдардын байкоочу кеңеши болуп иштей албайт.

Мындан сырткары Жумалиев 2015-2016-жылдар үчүн гана декларация тапшырган. 2017-жылдагы декларациясынын жоктугу да мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелет.

Кубанычбек Жумалиев 1990-жылдардан тартып жогорку кызматтарда иштеп келет. 33 ишкананын 11ин ал мамлекеттик кызматтарда иштеп турган жылдары ачкан. Алардын сегизи депутаттык учуруна туура келет. Фирмалардын көбү билим берүү, курулуш тармагында иштейт. 2016-жылы Жумалиев өзүнүн атындагы Физика-математикалык мектеп-лицейин ачкан.

Кубанычбек Жумалиевдин өзүнүн пикирин алууга мүмкүн боло элек. «Азаттык» анын өзүнө да микрофон сунууга даяр. (КЕ)

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан бүгүн ойнойт

Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (кызыл кийимчен) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (ак кийимчен). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтөт.

18-ноябрда эки команда тең оюн алдындагы расмий машыгууларын өткөрүштү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки оюнда жеңишке жетүүнү көздөп жатат. Анын пикиринде, ​«Кыргызстандын бул беттештеги эң башкы каршылашы - бул биз өзүбүз». Ал мурда кетирген каталарды кайталаганга жол бербей, сергек ойноо зарыл болуп турганын айтты:

- 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Биз ал оюнду талдап көрдүк. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Команда чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы - упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын оң жагына чечип, жөнгө салыш керек деп турабыз.

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.(GT)

Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун саясий маселеси чечилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда эл аралык донорлордун катышуусунда Бишкекте өтүп жаткан жыйында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорун жол тармагындагы эң ири долбоор деп баалады.

- Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөр тарабынан колдоого алынышы өтө маанилүү. Мунун саясий жагы чечилди. Иштер жүрүп жатат. Бул жолду курууга өнөктөштөрдөн жардам керек. Биз туңгуюктан чыгыш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аба менен суудай керек болуп турат. Силерди ушул маселеге көңүл бурууңуздарды суранып кетем.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча, Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкканын «Азаттыкка» билдирген. 2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган. (ВТо)

Түркиядагы «кыргыз жоочулары» жөнүндө маалымат такталууда

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун колго түшкөн согушкерлери.

Кыргызстан «Түркиянын абактарында «Ислам мамлекети» террордук уюмуна мүчө 23 кыргызстандык бар» деген маалыматты тактоодо. Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин жетекчиси Улан Дыйканбаев «Азаттыкка» айтканына караганда, учурда бул маалымат бир жаңсыл болуп тактала элек.

- Кабар чыккандан кийин эле биз маалымат сураганбыз. Бизге азыр маалымат келе элек. Бизде бул боюнча иштеген консулдук департаментибиз бар. Биз аларга жана Түркиядагы элчилик менен башкы консулдукка айтканбыз. Азырынча маалымат келе элек, - деди ал.

Буга чейин Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары бул өлкө абакта отурган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 956 мүчөсүн өз өлкөлөрүнө экстрадициялоону уланта турганын жазган. Маалыматта алардын арасында Кыргызстандын дагы 23 жараны бар экени айтылган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы да бул боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирүүдө.

Өткөн аптада Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу Анкара «Ислам мамлекети» террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тартып кайдан келсе ошол жакка жөнөтөрүн, алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жолго саларын маалымдаган.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы экенин билдирген.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга Кыргызстандан да 800дөй адам барып кошулганын, анын 200гө жакыны каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер жана көбүнүн балдары бар болгон. (КЕ)

Президент: Ачык-айкын шайлоо өткөрөбүз

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында «биз адам укуктарын коргоого жана саясий плюрализмди, сөз эркиндигин камсыз кылууга багытталган жолубуздан кайтпайбыз» деп билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстан шайлоо системасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычына келгенин айтып, өлкөдө тынчтык болгондо гана донорлордун өлкөгө болгон ишеними артарын белгилеп, донорлорду колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Учурда Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына байланыштуу талкуулар жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар менен парламенттен тышкары бир топ партиялар шайлоодогу тогуз пайыздык чекти жети, беш же үч пайызга чейин түшүрүүнү сунуш кылышууда.

Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда медиа өкүлдөрү менен жолукканда шайлоо босогосу тууралуу пикирин парламенттеги жана коомдо болуп жаткан талкуулардын соңунда айтарын билдирген. Ошондой эле депутаттар Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыгышты. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса жарандар электрондук добуш берүү аркылуу шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандашарын айтып жатышат.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. (ВТо/КЕ)

Он айда гепатитке чалдыккандар 6,5 миңден ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда он айда гепатитти 6600 киши жугузуп алган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10,2% аз. Алардын 94% жакыны илдеттин А түрүнө кабылгандар. Өткөн жылдын ушул маалында вирустук гепатиттин 7200 учуру катталган.

Гепатит дарты боорду жабыркатып, адамды алсыратат. Жалпы катталгандардын басымдуу бөлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, вирустук гепатит А оорусунун булагы оорулуу адам болот. Оору турмуш-тиричиликтеги катнаш, байланыш жолу менен тазалык сакталбаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук мүнөздө болуп, негизинен жогорку көрсөткүчтөр күз-кыш мезгилинде катталат.

Медициналык жол менен же таза эмес ийне аркылуу дүйнөдө жыл сайын 2 миллионго жакын кишиге гепатиттин В, С жана D түрлөрү жугат.

Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Республика боюнча он ай аралыгында инфекциялык көзөмөл боюнча 3800 пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 511 адамга административдик чара көрүлдү. 1,5 млн. сомго жакын айып пул салынды. Төрт уюмдун иши убактылуу токтотулду, 1967 санитардык жактан көрсөтмөлөр берилип, 37 адам эскертүү алган. (КЕ)

Жээнбеков: жыл аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет

Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы. 19-ноябрь, 2019-жыл.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өнөктөш донорлор менен болгон жолугушууда айтты. Өлкө башчынын маалыматы боюнча 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл. Анын ичинен 207 айылды каржылоо булактары аныкталды. Ал эми каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар. Аларга таза суу киргизиш үчүн 481 млн. доллар же 34 млрд. сом керек. Президент бул каражаттын 450 млн. долларын донорлор тарабынан каржылоо зарыл экени аныкталганын билдирди:

- Кыргызстандагы дагы бир көйгөйлүү маселе – айылдар менен шаарларда саркынды суудан тазалоо системасын киргизүү. Бул маселе Ысык-Көлүбүздүн тегерегинде өтө көйгөйлүү. Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды. Дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда. Ирригацияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу абдан маанилүү. Бул программаны 2026-жылга чейин үч этапка бөлүп аткарабыз. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Экинчи топко кирген 14 объект инвесторлордун жардамы менен курулат. Калган үчүнчү топко кирген 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

«Туруктуу өнүгүш үчүн реформаларды тездетүү» деген конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Президенттин аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиевдин буга чейин берген маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо, ирригация, саламаттык сактоо, билим берүү, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд. доллар каражат бөлгөн. (ВТо)

Помпео Трамптын саясатын коргоого алды

Майк Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трампка карата импичмент маселеси Өкүлдөр палатасында иликтенип жаткан кезде президенттин Украинага аскердик жардам берүүдөн баш тартуу боюнча чечимин мамлекеттик катчы коргоп чыкты. Майк Помпео 18-ноябрдагы басма сөз жыйынында президент Трамп Украинага курал берүү боюнча Обама администрациясынын аракетин жокко чыгарганын билдирди.

- Мен биздин кылганыбыз менен сыймыктанам. Президент Трамптын саясаты ар тарабынан туура болгон. Мамлекеттик департамент аны толук колдойт, - деди Помпео.

АКШнын президенти Дональд Трамптын украин президенти менен 25-июлда телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн алдында Украинага 400 млн. долларлык курал берүүдөн баш тарткан чечими анын импичменти тууралуу талкуулардын негизин түзөт.

Өткөн аптада АКШ Конгресси президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча коомдук талкууну баштаган. Демократтар америкалыктарга республикачыл Трамп шайлоо жараянына Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү көздөп жатышат.

Республикачылар импичмент аракетин бюрократтардын кутуму деп баалашууда.

Москвада кыргызстандыктын өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

29 жаштагы кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча Орусиядагы элчилик тиешелүү органдар менен кызматташып, иликтөө жүргүзүүдө. Алдын-ала чыгарылган маалыматтар боюнча маркумдун өлүмү кырсыктан болушу ыктымал экендиги айтылууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлагандай, так маалымат соттук-медициналык экспертизанын корутундусунан соң гана берилет. Маркумдун сөөгү 17-ноябрда мекенине жеткирилген.

Орусиянын айрым маалымат каражаттары 29 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болгонун жазып чыгышкан. Басылмалар маркумдун сөөгү табылган кезде кабыргалары сынып, өпкөсүнө учтуу буюм сайылганы аныкталганын жазышкан.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Былтыр орус паспортун 9 миңдей кыргызстандык алган. Мындан тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоого уруксат кагазы, дагы 20 миңге жакыны туруктуу жашоого уруксаты менен жүрөт.

Кыргызстандагы 277 миң баланын атасы же энеси өлкө сыртында иштеп жүргөнүн ЮНИСЕФ аныктаганын анын өкүлү Мунир Мамадзаде «Азаттыктагы» маегинде билдирген.

Жыл сайын мекенине 200дөн ашуун кыргызстандык мигранттын сөөгү жеткирилет. Алардын 90% Орусиядан. (ZKo)

Макрон: Украин кемелерин бошоткону Путинге ишенимди арттырат

Орусия Украинанын үч аскердик кемесин мындан бир жыл мурда Керч кысыгынан кармап кеткен.

«Орус президентинин бул кадамы Парижде өтүүчү Орусия-Украина мамилесине арналган саммиттин алдында ишеним жаратат» деп билдирди француз лидери. Макрон бул тууралуу 18-ноябрда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди. Анда тараптар декабрга белгиленген саммит тууралуу да талкуулашкан.

Украинанын «Бердянск» жана «Никополь» аскердик катерлери жана «Яны Капу» чиркегичи 17-ноябрда Орусиянын деңиз кароолунун коштоосунда Керч кысыгынан, «Генмола» акваториясынан чыгып кеткенин расмий Москвага шилтеме кылып, ТАСС жазды.

9-декабрда Парижде Орусиянын президенти менен Украинанын лидери жолугат. Жолугушууга француз президенти менен Германиянын канцлери катышат.

Путин менен Зеленскийдин бул жолку кездешүүсү - украин лидери мамлекет башына шайланып келгенден берки алгачкы жолугушуу.

Өкмөт башчы ишкерликти колдоону күчөтүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев.

"Кыргызстандагы ишкерлер коомдун өнүккөн бөлүгү болуп туруп, укуктары тебеленген учурлар көп. Бул инвестициялык климатка жана өлкөнүн экономикасына түздөн-түз таасир этет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-ноябрь күнү өткөн жыйында билдирди.

Ал ошондой эле ишкерликти текшерүүгө мораторий жарыялоо менен тармактын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн да баса белгиледи. Бирок айрым укук коргоо органдарынын иши ишкерликти колдоо жана коргоо жагын күчөтүүнү, текшерүүчү органдардын иш принциптерин карап чыгууну талап кылып жатканын кошумчалады.

- Дал ушул укук коргоочу жана текшерүүчү органдардын ишинин натыйжасы - биз социалдык маселелерди чечип келе жаткан бюджетти толтурууга, мамлекеттин кирешесине түздөн-түз байланышы бар. Ошол эле учурда күч органдарынын социалдык маселелери да дал ушул бюджеттен чечилет. Бирок тилекке каршы укук коргойт деген органдар өздөрү мамлекеттин инвесторлорду коргоо саясатына каршы иштеп жатканы тууралуу арыз-дооматтар бар, - деди өкмөт башчы.

Ал күч түзүмдөрү коррупциялашкан кызматкерлеринен арылууга тийиш экендигин айтты. Аягында премьер-министр бул органдардын жетекчилерине ишкерликти коргоонун жаңы, талапка ылайык чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG