«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 16-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Баткен аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Нарын дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болот.