Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Владимир Путин Бириккен Араб Эмираттарына келди


Путин Сауд Арабиясына барган учуру. 14-октябрь, 2019-жыл.
Путин Сауд Арабиясына барган учуру. 14-октябрь, 2019-жыл.

Орус президенти 15-октябрда Абу-Даби шаарына Сауд Арабиясынан учуп келди. Бул анын акыркы он жыл ичинде Перс булуңуна каттаган алгачкы сапары. Путинди аэропорттон мураскер шейх Мухаммед бен Заид ал Нахайян тосуп алды.

Алдын ала берилген маалыматтарда Владимир Путин бул сапарында Тегеран менен Эр-Рияддын курчуп бараткан мамилесин жөнгө салууга да аракет кылары айтылган.

14-сентябрда саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул үчүн Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыш өлкөлөрү Иранды айыпташкан. Тегеран болсо мындай айыптарга конкреттүү далилдерди келтирүүнү сурап, айтылган дооматтарды четке каккан.

Эр-Риядда Путин Саудиянын падышасы менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык боюнча бир нече миллиард долларлык келишимдерге кол койгон.

Путиндин Перс булуңундагы сапары Батыштын экономикалык санкцияларынан улам Москва ички дүң өнүмүн 3% көбөйтүү дымагын ишке ашыра албай калган учурга туш келди.

XS
SM
MD
LG