Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

«Калыс-Ордодо» жер талашка чыккан айрым адамдарды милиция кармап кетти


«Калыс-Ордо» конушу.
«Калыс-Ордо» конушу.

Бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги Биринчи май районундагы «Калыс-Ордо» конушунда мэрияга караштуу жети гектар жерден участок бөлүп берүүнү талап кылып 100дөй адам чыккан.

Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулунун айтымында, чогулгандардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казык кагып, үй салууга аракет кылышкан. Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси чогулгандарга мыйзамсыз иш кылып жатканын түшүндүрүүгө аракет кылганынан майнап чыкпагандыктан, милицияга кайрылган.

Учурда милиция чогулгандардын ичинен беш кишини кармап, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мэрия жерди басып алуу мыйзам боюнча үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертет.

Бишкек шаарында үй курууга жер участокторун бөлүп берүүгө мораторий киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG