Ички иштер министрлиги (ИИМ) президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов №1 тергөө абагынан Тергөө кызматына иликтөө иши үчүн бир нече жолу жеткирилгенин кабарлайт. Бирок 5-сентябрда шектүү Ниязов жактоочусунун катышуусунда тергөө иш-аракеттерине катышуудан баш тарткан. «Ушундан улам тергөөнүн материалдары жана экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес», деп айтылат министрликтин маалыматында.
ИИМ Тергөө кызматы Ниязовго тиешелүү бардык кылмыш иштеринин материалдары менен таанышуусуна тоскоолдук кылбаганын жана тоскоолдук кылбай турганын белгилейт.
Буга чейин Фарид Ниязов тергөөчүлөрдүн иш-аракетине нааразы болуп сотко кайрылган. Ал кылмыш ишине байланыштуу дайындалган экспертизалар жөнүндө токтомдор менен тааныша албай жатканын жана айрым укуктары одоно бузулуп жатканын билдирген.
ИИМдин Тергөө кызматы Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. 10-август күнү Ниязовго массалык башаламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 175 адам ооруканага кайрылган. (TSh)