Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Сариев Сүймөнкул Чокморовго Кыргыз эл баатыры наамын берүүнү сунуш кылды


Сүймөнкул Чокморов.
Сүймөнкул Чокморов.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев таланттуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго Кыргыз эл баатыры наамын берүү боюнча демилге көтөрдү. Сариев бул сунушту 15-октябрда Чокморовдун мааракесине арналган «Эсимде» аттуу көргөзмөнүн ачылышында айтты.

- «Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй» деп айтып келебиз, эгер кыргыздын жүзүнө айланган төгөрөгү төп келишкен Сүймөнкул баатырлык наамга татыктуу болбосо, ким татыктуу? – деди Сариев.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы Салима Шабазованын элесине арналган «Эсимде» аттуу көргөзмө ачылды.

Кыргыз киносунун тарыхында «Эң мыкты эркек актёр» наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган.

Ал 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

XS
SM
MD
LG