Акыркы маалыматтар боюнча Жапониядагы «Хагибис» тайфунунан 73 киши каза болуп, кеминде 10дон ашык адамдын дайыны чыкпай жатат. 200дөн ашык киши жаракат алды. Бул тууралуу жапониялык NHK телеканалы маалымдады.
Тайфундан айрыкча Жапониянын түндүк-батышы жана Токиого жакын Канагава префектурасы катуу жабыркады. Ал райондордо мектептер менен дүкөндөр иштеген жок. 13 миңден ашык турак жай жарыксыз, 315 миңдей үй суусуз калды. Издөө иштерине 110 миңдин тегерегиндеги куткаруучу тартылды.
Соңку бир нече он жылдыктан берки эң катуу деп саналган «Хагибис» тайфуну Жапониянын негизги Хонсю аралын жекшембиге караган түнү каптаган. (TSh)