Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Трамп Пенс менен Помпеону Анкарага жөнөтөт


Майк Пенс.
Майк Пенс.

Шаршембиде АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен мамлекеттик катчы Майк Помпео Анкарага барат. Алар расмий Анкара менен түрк аскерлеринин сириялык күрд кошуундарына койгон чабуулун токтотууну сүйлөшүүгө аракет кылышат.

Бул тууралуу шейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди. Ал АКШ чабуулду токтотууну катуу талап кыларын жана Түркияга эң катаал санкциялар колдонуларын эскертип жатканын белгиледи. Ак үйдүн жарыясында Майк Пенс бейшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада жолугушары күтүлүп жатканы айтылат.

Түркия жана анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына 9-октябрдан тарта чабуул коё баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасында «коопсуз аймак түзүү», ал аймакты өзү террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG