Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Алайда заманбап жабдылган жаңы мектеп жана бала бакча ачылды


Алайдын Күн-Элек айылында ачылган жаңы мектеп.
Алайдын Күн-Элек айылында ачылган жаңы мектеп.

Алай районунун Күн-Элек айылында 225 орунга ылайыкташкан мектеп ачылды. Имараттын курулушу 2015-жылы башталган. Мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган.

Анын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Ошондөй эле Боронов Алайдын Согонду айылындагы 60 балага эсептелген «Наристе-Согонду» бала бакчасынын ачылыш салтанатына да катышты.

Бүлөлү айылында ал жаңы курулган административдик имараттын ачылышына жана Сопу-Коргон айылында спорт комплекстин курулушун баштоого капсула салуу салтанатына да катышты.

Боронов президенттин быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында республика боюнча билим берүү жана башка социалдык объектилердин саны жылдан жылга өсө берерин айтты.

Кыргызстанда эки миңден ашуун мектеп бар. Алардын 200гө жакыны эскилиги жеткендиктен авариялык абалда экени расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG