Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Кара-Сууда архитектура башкармалыгынын кызматкерлери иш таштоосун улантууда


Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгындагы иш таштоо.
Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгындагы иш таштоо.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 60тай кызматкери иш таштоосун улантууда. Ушул тапта мекемеде кызматкерлер менен жетекчиликтин жыйыны өтүп жатат.

Ушул жылдын 21-июнунда жетекчиликтин орой мамилесине жана башкармалыктагы акча топтоого нааразы болгон 52 кызматкер райондук мамлекеттик администрацияга жана Мамлекеттик курулуш агенттигине арыз менен кайрылышкан.

Ал арыз үч ай аралыгында каралып, бул убакытта Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Марат Шарипов убактылуу кызмат ордунан четтетилген. Мекеменин юристи Майрамбек Бойтоевдин маалыматы боюнча, кызматкерлердин арызы каралып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 14-октябрда кайра эле Марат Шарипов жетекчиликке келген.

- Жетекчинин кайра кызматка келишине нааразы болгон кызматкерлер азырынча жумушка чыкпай турууну чечтик, - деди Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын юристи Майрамбек Бойтоев.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында жалпысынан 80ге жакын кызматкер иштейт. Беш кызматкер иш таштоого арсар көз карашта турат.

Башкармалыктын жетекчиси Марат Шарипов жумуш ордуна мыйзамдуу келгенин айтты. Ал эгерде эмгек жамааты менен келишип иштеше албаса өз арызынын негизинде жумуштан кетерин билдирди. (MdN)

XS
SM
MD
LG