Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:18

Бишкектеги мушташ боюнча Пакистандан келген эки студент камалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги медициналык жогорку окуу жайында пакистандык студенттер катышкан мушташка байланыштуу аталган өлкөнүн эки жараны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Октябрь райондук милициясы тараткан маалымат боюнча, 14-октябрда Пакистандан келген эки студент мушташа кеткен. Бул окуядан кийин Пакистандын 30 жараны милицияга жеткирилип, суракка алынган соң кайра коё берилген.

Мушташтан кийин эл аралык медициналык окуу жайынын өкүлү Октябрь райондук милициясына жогорудагы окуядан университеттин мүлкү талкаланганын айтып, мушташка катышкандарга чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

Аталган арыздын негизинде Пакистандын эки жараны кармалды. Алардын иши Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG