АКШда Нью-Йорк шаардык прокуратурасы Түркиянын «Halkbank» мамлекеттик банкына «көз боёмочулук» жана «арам акчаны адалдоо» боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, аталган банк Вашингтондун санкциясына карабай Иранга 2012-2016-жылдар аралыгында 20 миллиард доллар которгон деп айыпталып жатат.
Нью-Йорктун прокурору Жеффи Берман 15-октябрда «Банктын мындай чектен чыккан иштерине түрк өкмөтүндөгү жогорку даражалуу аткаминерлер да аралашкан, алар миллиондогон доллар пара алып турушкан» деп билдирди.
Бул кылмыш иши АКШ менен Түркиянын алака-катышы Анкаранын Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы чабуулуна байланыштуу чыңалып турган маалга туш келди.
АКШнын юстиция органдары буга чейин аталган банктын жетекчилерине кылмыш ишин козгогон. Былтыр Кошмо Штаттарда «Halkbank» банкынын мурдагы вице-президенти Мехмет Хакан Атилла «Вашингтондун Иранга каршы киргизген санкцияларын айланып өтүү схемасын түзүп, ишкерлерге мыйзамсыз соода жүргүзүүгө жардам берген» деген айып менен 32 айга эркинен ажыратылган, бирок ал быйыл июль айында Түркияга өткөрүлүп берилген.
Банкир мекенине кайтып келгенде финансы министри баш болгон түрк бийлиги аны «баатыр» катары тосуп алган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон Хакан Атиллага кылмыш ишинин козголгонун кескин сынга алган.
Бул иш боюнча алгач ирандык түрк ишкери, алтын соодасы менен алектенген Реза Заррабга айып коюлган. Ал Атиллага каршы көрсөтмө бергени маалым болгон.
Заррабдын көрсөтмөсүнө ылайык, Эрдоган 2012-жылы премьер-министр болуп турганда «Halkbank» банкындагы мыйзамсыз иштерге атайылап жол берген. Эрдоган дооматтарды четке каккан.