Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында полициянын кеңсесинин жанындагы машинеге коюлган бомба жарылып, кеминде үч полиция кызматкери ажал тапты, дагы 36 киши жарадар болду. Алардын арасында медереседе окуган 20 бала бар экени белгилүү болду.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими билдиргендей, жардырууда полициянын кеңсесинин жанындагы медресе да аздыр-көптүр кыйраган.
Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Полициянын расмий өкүлү Нусрат Рахими жардырууга байланыштуу «Талибан» кыймылын күнөөлөдү.
Ооганстан ушул тушта өткөн айда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатат. Добуш берүү болгон күнү талибдер бир катар аймактарда кол салуу уюштурган.