Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:28

Гонконг шаар башчысын парламентте сүйлөтпөй коюшту


Кэрри Лам парламенттен чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Кэрри Лам парламенттен чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Гонконгдо 16-октябрда парламенттеги оппозициячыл депутаттар шаар башчысы Кэрри Ламди сүйлөтпөй коюшту. Ал жылдык кайрылуу жасаганы жатканда Ламдин сөзүн бөлгөн кыйкырык-сүрөөн күчөдү, ушундан улам Кэрри Лам парламенттен чыгып кетти. Гонконгдун шаар башчысы кийинчерээк видео кайрылуу таратты.

Гонконгдо бир канча айдан бери полиция менен демонстранттар кагылышкан калайман нааразылык акциялары өтүп жатат.

Миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.

Өткөн айда Кэрри Лам талаштуу документти парламенттен кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган шаар башчысынын иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларда камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлери жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG