Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Париж франциялык дагы бир изилдөөчү Иранда кармалганын ырастады


Ролан Маршал.
Ролан Маршал.

Париж франциялык дагы бир окумуштуу Иранда кармалганын бышыктады. Франциянын Тышкы иштер министрлигинин 16-октябрдагы расмий маалыматына ылайык, Ролан Маршал өткөн июнда кармалган. Ошол эле учурда Франция менен Ирандын жараны, антрополог Фариба Аделханды да кармап кетишкен.

Экөө тең Париждеги абройлуу «Sciences Po» университетинин улук изилдөөчүлөрү. Аларга кандай айыптар коюлуп жатканы белгисиз. Буга чейин Аделхан түрмөгө камалганы айтылган, бирок министрлик бул маалыматты тастыктаган жок.

Мекеменин басма сөз катчысы Агнес ван дер Мул Ирандын бийлигин иштин чоо-жайын ачык-айкын маалымдап турууга жана мындай абалга тезирээк чекит коюуга чакырды. Франциянын консулу Маршал менен жолугуп чыкканы кабарланды.

Тегеран 60 жаштагы Аделхандын кармалышын өлкөнүн ички иши деп атаган жана кош жарандыкты тааныбай тургандыгын билдирип, камалган жаран менен консулду жолуктуруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG