Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Орусия тыюу салынган аймакка кирген дипломаттарга нааразы болду


Северодвинск.
Северодвинск.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Нёнокса – Северодвинск» багытындагы поездден түшүрүлгөн америкалык үч дипломат боюнча Вашингтонго нааразылык нотасын жөнөтөт. Бул тууралуу Орусиядагы ТАСС жаңылыктардын мамлекеттик агенттиги 17-октябрда кабарлады. Америкалык дипломаттар 14-октябрда Орусиянын түндүгүндөгү жашыруун сыноо жүргүзүлүүчү аймакка жакын жерде жүргөн деген негиз менен поездден түшүрүлгөн.

Арасында Кошмо Штаттардын аскердик атташеси да бар үч дипломат Северодвинск шаарында учкай суракка алынган. Бул калаа август айында табышмактуу жарылуу болгон Нёнокса аймагына жакын жайгашкан. Өзөктүк тармакта иштеген беш жумушчунун өмүрүн алган бул жарылуудан кийин чөлкөмдө радиациянын деңгээли жогорулап кеткени кабарланган эле.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дипломаттар расмий сапарда болгонун, алардын планы тууралуу орус бийлигине алдын-ала маалымат берилгенин билдирди. Бирок дипломаттар эмне максат менен ал аймакка баратканын тактаган жок.

Орусиянын тышкы саясий мекемеси америкалыктар «Архангелскиге баратабыз» деп айтышканын, бирок ал жактан 40 чакырым алыс жердеги чет өлкөлүктөргө барууга тыюу салынган чөлкөмдө жүрүшкөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG