Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр өттү


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу болуп өттү. Ага Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим катышты.

Разаковдун айтымында, жолугушууда ишти жандандыруу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп, жумуш топторуна тапшырмалар берилди.

- Биз жумуш топторуна жолугушуулардын графигин тактап, иштеп чыгуу тууралуу тапшырма бердик. Азыр да жумуш уланууда. Негизинен ишти жандандыруу багытында, - деди ал.

Жолугушууга топографиялык жана укуктук негиздерди караган жумуш топтору катышты.

Быйыл 16-сентябрда Баткендин Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анда Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, дагы 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Кыргызстан түштүк тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Чек ара тилкеси толук такталып бүтө элек болгондуктан улам чыр-чатактар катталып турат. (RK)

XS
SM
MD
LG