«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму казак өкмөтүн үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган адамдарды жакшыраак коргош үчүн «чукул чара көрүүгө» үндөдү.
17-октябрда чыккан чакан баяндамасында уюм үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну караган мыйзамдар керек экенин белгиледи.
«Казакстандагы аялдар зомбулуксуз, ыдыксыз жашоого укуктуу. Бийлик жапа чеккендердин коопсуздугун камсыздоого жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш», - деп билдиришти укук коргоочулар.
2017-жылы Казакстан токмоктоо менен ден соолукка жеңил зыян келтирүүнү кылмыш жоопкерчилигинен административдик жоопкерчиликке которгон. Ага чейин үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн айыпка жыгуу жана эки айга чейин камоо каралган.
Бийликтин маалыматына караганда былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук 2015- жылга караганда 104 пайызга көбөйгөн.
Ал эми «Кризис борборлорунун биримдиги» ар бир сегизинчи үй-бүлөдө аялдар жакындарынан таяк жеп, ыдыкка көрөрүн билдирди. 2017-жылкы статистикага ылайык, 19-75 жаштагы аялдардын 17 пайызы күйөөсүнүн же түгөйүнүн зордук-зомбулугунан жабыркайт.