Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

АКШнын вице-президенти Анкарада түрк президенти менен жолукту


Майк Пенс менен Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 17-октябрь, 2019-жыл.
Майк Пенс менен Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 17-октябрь, 2019-жыл.

17-октябрда АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Анкараны Сириядагы операцияны токтотууга көндүрүү вазийпасы менен сапарга аттанган топко мамлекеттик катчы Майк Помпео менен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Роберт О`Брайн кирген.

9-октябрдан бери Түркия Сириянын аймагында күрд кошуундарына каршы операция жүргүзүп жатат. Түрк бийлиги чек арадан 30 чакырым жерде «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жерди күрд террорчуларынан тазалоону көздөгөнүн айткан.

Анкара террорчу деп эсептеген «Сириянын Демократиялык күчтөрү» «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна каршы урушта АКШнын өнөктөшү болуп келген.

Өткөн жумада президент Трамп түрк чек арасына жакын чөлкөмдө жайгашкан Сириядагы америкалык аскерлерди чыгарууга буйрук берген жана Вашингтон Анкаранын пландалган жортуулуна кийлигишпей турганын айткан.

Операция башталгандан бери 120 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

Эрдоган эл аралык коомчулуктун чакырыктарын четке кагып операция максатына жетерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG