Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

БУУ Ооганстандагы карапайым адамдардын жапа чегишине камтама болду


Гилменд провинциясындагы кол салуудан кийин. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Гилменд провинциясындагы кол салуудан кийин. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Быйыл июль айынан сентябрга чейин Ооганстанда өтө көп жайкын адам каза тапты же жарадар болду. Ушундай маалымат камтылган баяндамасын бейшембиде Бириккен Улуттар Уюму жарыялап, мындай зомбулук кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Ошол аралыкта 1 миң 174 бейкүнөө адам көз жумуп, 3 миң 139 киши жаракат алганы айтылды.

Буга салыштырмалуу курмандыктардын саны былтыркы жылы июль-сентябрь айларында 42 пайызга аз болгон. Баяндамада буга негизинен талибдер өңдүү Кабул өкмөтүнө каршы күрөшкөн согушкерлер жооптуу экени айтылат.

Быйылкы жылдын 9 айында БУУнун Ооганстандагы миссиясы 8 миң 239 карапайым кишинин өлүмүн же жабыркаганын каттаган. Алардын 41 пайызын аялдар менен балдар түзөт.

XS
SM
MD
LG