Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Армения БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болду


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 38-жыйыны. 6-июль, 2018-жыл.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 38-жыйыны. 6-июль, 2018-жыл.

Армения Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 14 жаңы мүчөсүнүн бири болуп шайланды. Ереван үчүн 193 мамлекеттин 144ү добуш берди.

«Бул эл аралык коомчулуктун адам укуктары жаатындагы биздин мамлекетке болгон чоң ишеничин көрсөтөт», деп жазды Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «Фейсбуктагы» баракчасына.

Азия-Тынч океан аймагына берилген орундарды Индонезия, Жапония, Маршал аралдары жана Түштүк Корея алып кетишти. Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн ичинен Венесуэла менен Бразилияга кеңештен орундар берилди. Венесуэланын талапкерлиги Батыш мамлекеттеринин сынына кабылды. Алар президент Николас Мадуронун администрациясы адам укуктарын ашкере бузуп жатканын белгилешти.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму да 15-октябрда тараткан билдирүүсүндө Венесуэлага каршы добуш берүүгө үндөгөн. Кеңештин жаңы мүчөлөрү эки жылга шайланышат. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Женевада жайгашкан.

XS
SM
MD
LG