Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Президент Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштери менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусундагы сапары.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусундагы сапары.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы эки күндүк жумуш сапарынын алкагында бүгүн, 18-октябрда Токтогул ГЭСинде болду. Жээнбеков ГЭСтеги биринчи фазадагы реабилитациялык жумуштардын бүтүшү менен таанышып, энергетиктер менен жолугушту.

- 2017-жылдын май айында премьер-министр болуп турган убакта биринчи фазадагы иштерди баштап бергенмин. Бүгүн анын жыйынтыкталышына да катышып отурам. Токтогул ГЭСи толук оңдоодон өтсө электр энергиясын өндүрүү 20% көбөйөт. Анткени жыл сайын керектөө 10,5% көбөйүп жатканы байкалат. Ошондуктан бизде ГЭСтерди жаңылоо зарылчылыгы жаралууда. Биринчи фазага каралган каражатты үнөмдөө менен 10 млн. долларды Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого бөлдүк. САSA 1000 долбоору аркылуу биз Чыгыш Азияга жана Кытайга экспортёр катары чыгабыз деп пландап жатабыз, - деди Жээнбеков.

ГЭСтин биринчи этабын оңдоого Азия өнүктүрүү банкы 15 миллион доллар насыя жана 40 миллион доллар грант бөлгөн. Ага электр кабелдери, трансформаторлор ондолгон.

Учурда Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул үч фазага бөлүнүп, жалпы баасы 415 миллион доллар деп эсептелген. Бул каражат Азия өнүктүрүү банкынан жана Евразия өнүктүрүү банкынан насыя иретинде алынган.

Мамлекет башчы ГЭС менен таанышуу учурунда, мекеменин кесиптик жамааты менен да учурашып, энергетика тармагындагы бир топ кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент Жалал-Абадга 17-октябрда барды, сапарынын биринчи күнүндө ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, бир катар объектилерди көрдү. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG