Кошмо Штаттардын президентинин администрациясы Дональд Трампка караштуу Флорида штатындагы гольф-курорттордун бирин «Чоң жетинин» саммиттин өткөрүш үчүн тандап алды. Бул тууралуу
17-октябрда администрация башчысынын милдетин аткаруучу Мик Малвейни Ак үйдө өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.
Ал 2020-жылдын 10-12 июнь күндөрү өтө турган саммит үчүн 12 жайды караштырышып, Майамидеги «Trump National Doral» гольф-курортун тандашканын айтты.
- Биз бул саммитти өткөрүү үчүн эң жакшы жер экенине толук ишенебиз. Албетте бул Трамптын менчиги экенине басым жасагандар бар, бирок биз баары бир ошол жерде өткөрөбүз, - деген Малвейни гольф-курортту Трамп өзү сунуш кылганын кошумчалады.
Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинин төрагасы Жерри Надлер бул чечимди «президенттин жемкорлукка барып жатканын айгинелеген мисалдардын бири» деп атады.
Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы өткөн айда президент Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштаган.
Буга Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсү негиз болгон. Анда Трамп өзүнүн башкы саясий атаандаштарынын бири Жо Байден менен анын уулу Украинада эмне иштерди жасап жүргөнүн иликтөөнү талап кылганы айтылган.