Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Журналисттерди коргоо комитетинин мүчөсүн Пакистан киргизбей койду


Журналисттерди коргоо комитетинин Азия боюнча координатору Стивен Батлер.
Журналисттерди коргоо комитетинин Азия боюнча координатору Стивен Батлер.

Пакистан мамлекети Журналисттерди коргоо комитетинин Азия боюнча координатору Стивен Батлерди "кара тизмеге" кошуп, өлкөгө киргизбей койду. Бул тууралуу эл аралык уюмдун аткаруучу директору Жоэл Саймон 18-октябрда билдирди. Батлердин тиешелүү документтери болгонуна карабай аны Лахордогу "Аллама Икбал" эл аралык аэропортунан киргизбей коюшкан.

Саймондун билдирүүсүндө "Лахор аэропортунун жетекчилиги Батлердин паспортун тартып алып, аны Дохага, Катарга жөнөтүп жиберишкен" - деп жазылат.

Пакистан өкмөтү 18-октябрда бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок.

- Эгер Пакистан бийлиги эркин прессага болгон жакшы мамилесин көрсөтүүгө кызыкдар болсо, тезирек бул ишти иликтеши керек - деди Саймон.

Батлер ушул дем алыш күндөрү Пакистандагы адам укуктары боюнча жыйынга катышмак. Бул өлкөгө ал негизи байма-бай эле каттап турчу.

Былтыртан тарта пакистандык журналисттер бийликтин аларга болгон басымы күчөгөнүн белгилеп келишет.

Бир нече медиа агенттиктердин, анын ичинде "Америка добушунун" урду тилиндеги сайты, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бюросу жабылган.

Англис тилинде чыкчу "Dawn" гезитинин редакциясы жана аны жайылтуучулар да кысымга кабылып жатканы маалым. Журналисттер жана медианын укугун коргоочулар бул үчүн Пакистан армиясын айыпташууда. Аскерлер мындай дооматтарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG