Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:05

Алмазбек Атамбаевдин акыбалын Акыйкатчы сурап чыкты


Алмазбек Атамбаев камакка алынганга чейин маек куруп жаткан учуру.

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) камалып олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү кызматкерлердин тобу менен кошо барып, амандашып, ал-акыбалын сурап чыкты. Муну «Азаттык» радиосу Мамытовдун өзүнөн тактады.

Мамытов менен жолугушууда Атамбаев өзүнүн ден соолугуна жана ага жасалган мамилеге карата даттанган эмес. Акыйкатчы мындан башка маалыматтарды бере албай турганын айтты.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган. Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти тергөө процессине күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган.

Натыйжада Атамбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда. Алардын ичинен кримтөбөл Азиз Батукаевди качыруу боюнча сот жараяны башталды. Бирок Атамбаев Конституциялык палата бул маселени бир жаңсыл кылып карап чечмейинче дагы эле сотко катышуудан баш тартууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG