Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Сириядагы күрддөрдүн шаарында атышуу уланып жатат


Сириянын Рас-аль-Айн шаарынан чыккан түтүн. 17-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын Рас-аль-Айн шаарынан чыккан түтүн. 17-октябрь, 2019-жыл.

18-октябрда Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-аль-Айн шаарында Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү менен атышууну токтотуу боюнча макулдашууга карабай атышуу уланып жатат. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирди.

Бир күн мурда Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган менен АКШнын вице-президенти Майк Пенс жетишкен макулдашууга ылайык, күрд аскерлери Сириянын Түркия менен чектешкен тилкесинен 30 чакырым ары чыгып кетиши керек эле.

Түркия жана ал колдогон сириялык козголоңчу топтор президент Дональд Трамп америкалык аскерлер чек аралаш аймактан чыгарылып кеткенин жарыялары менен Сириянын түндүгүндөгү чабуулун баштаган.

Күрддөр "Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон. Бирок Анкара аларды террорчулар деп эсептейт. Вашингтондо демократтар Трамптын аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечимин сынга алышып, атышуунун токтогонуна карабай Түркияга каршы санкция киргизерин билдиришти.

Түрк басылмалары бийликтин расмий өкүлдөрүнө таянып, Анкара АКШ менен болгон сүйлөшүүдө өз мүдөөсүнө жеткенин жазышты.

XS
SM
MD
LG