Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

АКШ Анкараны казаттан кайтууга көндүрөт


АКШнын вице-президенти Майк Пенс.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркияны Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун токтотууга көндүрүү үчүн Анкарага келди.

Мунун алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сириянын аймагындагы соңку окуяларды АКШнын "баш оорусу" эмес деп айтты. Бирок Анкара жортуулун токтотпой, кепке-сөзгө келбесе, аны жазалай аларын дагы бир жолу эскертти.

Ал ортодо демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Сириянын түндүгүндөгү чабуул жүрүп жаткан аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кеткен Трамптын чечимин катуу айыптап, 16-октябрда атайын резолюция кабыл алды.

Түркиянын күрд кошуундарына каршы жортуулу АКШнын президенти Дональд Трамп менен Конгресстин жетекчилерин да кайым айтыштырды.

Мындан улам Трамп Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган демократтарды Ак үйгө жеке жолугушууга чакырган. Бирок жолугушуу башталбай жатып эле аяктады. Демократтар Трампты "Пелосиге жаман сөздөрдү айтып, акаарат келтирди" деп айыпташты.

Нэнси Пелоси жана Дональд Трамп.
Нэнси Пелоси жана Дональд Трамп.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына Нэнси Пелосини "оорулуу адам, ага чукул арада жардам керек", - деп жазды.

Дональд Трамп америкалык аскерлердин Сириянын түндүгүнөн чыгып кеткени туура чечим болгонун дагы баса белгилеп кайталады. Ал эгерде АКШнын атайын чабармандары менен Анкаранын сүйлөшүүсү оңунан чыкпаса, Түркия кепке-сөзгө келбей моюн толгосо, анын экономикасын кыйратканга күчү жетерин дагы бир ирет эскертти.

Трамп, Сириянын аймагындагы соңку окуя АКШнын "баш оорусу эмес", "күрддөр деле периште эмес" деген мазмундагы сөздөрдү айтты. Күрд кошуундарына орус аскерлеринин жардам бергени жатканына да каршы болгон жок.

- Чынын айтканда, эгер Орусия күрддөргө жардам бергиси келип жатса, анда жакшы эле болот, анын жаман жагы деле жок. Бирок бул аракеттерди Сирия башкарат. Сирия өз жерин Түркияга алдырып жибергиси келбейт. Мен муну түшүнө алам. Бирок мунун баары Сириянын аймагында болуп жаткандан кийин, анын Кошмо Штаттарына кандай тиешеси бар? Бизге дос болбогон Сирия өз аймагын сактап калсын деп НАТОнун мүчөсү менен согушка барышыбыз керекпи? Мен антип ойлобойм, - деп белгиледи Дональд Трамп.

Мунун алдында коомчулукка Дональд Трамптын күрд кошуундарына каршы түрк аскерлеринин чабуулу мына-мына башталат деп турган учурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жазган каты жарыяланып кетти. Кат жалпак тил менен жазылган жана анда Трамп Эрдоганды "Макоо болбо, кыйынсынба..." - деп эскерткен.

Айрым маалымат каражаттары түрк бийлигиндеги ишенимдүү булактарга шилтеме кылып, Эрдоган "дипломатиялык сылык-сыпаалык сакталбай" жазылган бул катты окууру менен эле таштанды челекке ыргытып жибергенин жазышты.

Ал арада Германиянын канцлери Ангела Меркел Түркияны Сириядагы жортуулун токтотууга дагы бир жолу чакырды. Ал 17-октябрда парламентте сүйлөп жатып, бул аскердик операция аймакта Иран менен Орусиянын таасирин күчөтөрүн, анын кесепети кийин убакыт өтүшү менен оор болуп калышы ыктымалдыгын эскертти.

Түркиянын келечек кадамдарынан Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да чочулап турат. Эгерде Түркия сириялык качкындарды Европаны көздөй коё берсе, Сербия менен чектешкен аймагын курал менен коргой турганын алдын ала бышыктап айтты.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсүнө коркунуч жараткан күрд согушкерлерине каршы жортуулду токтотуу тууралуу эл аралык коомчулуктун талабын бир нече ирет четке каккан. Шаршемби күнү Эрдоган бир катар өлкөлөрдүн ок атышууну токтотуу тууралуу талаптарын четке кагып, Түркия «эч качан террордук уюм менен сүйлөшүү үчүн бир үстөлгө отурган эмес» деп баса белгилеген. Эгерде кан төгүлбөсүн десе «террорчулар куралдарын таштасын», «коопсуз аймак" деп белгиленген тилкеден тышка чыгып кетишсин» деген талап койгон.

Түркия менен анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы 9-октябрда жортуул баштаган. Анкара аскердик операциясынын башкы максаты чек арасында "коопсуз аймак түзүү", ал жерге жүз миңдеген сириялык качкындарды жайгаштыруу экенин байма-бай кайталап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG