Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Күрп-Сай ГЭСи эми Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт


Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСине барган учуру. 18-октябрь, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСине барган учуру. 18-октябрь, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасы жыйынтыкталганына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын билдирди.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», - деди мамлекет башчы.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле өлкөнүн бардык ГЭСтерин курууга катышкан Кыргыз Республикасынын баатырлары Акбаралы Кабаев менен Курманбек Арыковго ыраазычылык билдирди.

Президент ошондой эле өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады. Алардын ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирип, аларга бекем ден соолук, алдына койгон максат, милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Президент Жалал-Абадга 17-октябрда барды. Сапарынын биринчи күнүндө ал жергиликтүү тургундар менен жолугуп, бир катар объектилерди көрдү. 18-октябрда Токтогул ГЭСинен сырткары бир нече социалдык жайлардын абалы менен таанышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG