Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

Кытай экономикасынын өсүш ыргагы солгундады


Кытайдын улуттук акчасы юань.
Кытайдын улуттук акчасы юань.

2019-жылдын үчүнчү кварталында Кытайдын экономикасынын өсүш ыргагы солгундап, соңку 27 жылдагы эң төмөнкү чекти көрсөттү.
Бээжин 18-октябрда жарыялаган статистикага ылайык, быйыл июль айынан сентябрга чейин Кытайдын ички дүң жыйымы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу алты пайызга көбөйгөн. Экинчи кварталда бул көрсөткүч 6,2 пайызды түзүп турган болчу.

Адистердин айтымында, Батыштагы индустриялашкан мамлекеттерде мындай өсүш чоң жетишкендик катары мүнөздөлмөк. Бирок Кытайда экономиканын өсүү темпи 1992-жылдан бери мынчалык деңгээлде солгундап кала элек болчу.

Талдоочулар дүйнөнүн экинчи чоң экономикасы солгундашына Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы соода согушу таасирин тийгизгенин белгилешет. Бирок Бээжин улуттук экономикасы жалпысынан туруктуу экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG