Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин 29 жаштагы небереси Лондондо шарттуу кесилгенин "Би-би-си" жазды. Ага быйыл июнь айында полицияга кол салган деген айып тагылды. Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилет, ошондой эле ал 140 саат бою коомдук жумуштарга чегерилет жана маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Андан тышкары 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү зарыл.
Назарбаев баңгизат чегип алган абалында полициячыларга каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алган. Окуядан кийин ал Priory деген баңгиликтен дарылаган ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында Айсултан өзүн жакшы алып жүргөн. Судья ушуну эске алуу менен аны абакка камабай, шарттуу кескен чечимин чыгарды.
Айсултан Назарбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын учурдагы төрайымы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу. Ал Британиядагы Падышалык аскердик академияны аяктаган. Кийин Казакстанга келип Футбол федерациясын жетектеп турган. Эки жылдан бери ал коомчулукка чыга элек.
Назарбаевдин үй-бүлөсү Айсултандын Британияда камалышы жана соту тууралуу коомчулукка үн катышкан жок.