Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Сауд Арабияда жол кырсыгына кабылгандардын арасында кыргызстандыктар жок


Сауд Арабиясы.
Сауд Арабиясы.

Сауд Арабияда 16-октябрдагы жол кырсыгында бери дегенде 36 адам каза болду. Алар Умра амалын аткарганы Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен барган.

ТАСС агенттиги Сауд Арабиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, окуя Медина жана Мекке шаарларын байланыштырган жолдо болгон.

“Эр-Рияд” басылмасы 40 киши менен бараткан автобус жүк машинеси менен кагылышып, күйүп кеткенин жазды. Төрт киши ооруканада. Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилигинин өкүлдөрү кырсыкка кабылгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин айтышты. (SE)

XS
SM
MD
LG