Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Окуучуларды машинеси менен сүзүп кете жаздаган күч кызматкери айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жөө адамдар өтчү жол сызыгынан милициянын автоунаасы менен эки баланы сүзүп кете жаздаган Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерине жол эрежесин бузганы боюнча протокол толтурулуп, 3000 сом айып пул салынды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, күч кызматкерине карата Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматы да иликтөө ишин баштады.

Интернетте Бишкектин Токтогул жана Тимирязев көчөлөрүндө Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери эки окуучуну сүзүп ала жаздаганы тартылган видео тараган. Тасма 19-октярбрда тартылганы айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG